Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:52

Эл аралык издөөдө жүргөн Канжар Кадыралиев учурда Ошто экенин анын жактоочусу Байыш Жоробеков “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, Кадыралиев эч жакка качкан жок.

- Канжар Ошто эле, кайда качмак эле? Эгер баш коргоо чарасын үй камагына өзгөртсө, тергөөгө өз эрки менен келет,-деди жактоочу.

Мындан мурдараак Ош облустук милициясы Канжар Кадыралиевдин Ошто жок экенин айтып, аны табуу үчүн Интерполго жардам сурап кайрылганын билдирген.

Жакында эле өзгөндүк ишкер Сактан Келдибаевдин үй-бүлөсү Канжар Кадыралиев башында турган топтун карактоосуна кабылганын коомчулукка жар салган. “Азаттык” бул маалымат боюнча Өзгөнгө барып, ал жерде Кадыралиевди “өкүмзордук жасап жатат” деген башка айылдаштарынын да пикирлерин жарыялаган. Иликтөө эфирге чыккандан кийин мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев Кадыралиевге байланышкан маселени текшерүү боюнча буйрук бергени маалым болгон. Мындан соң Башкы прокуратура Кадыралиевге бейбаштык, опузалоо жана өзүмбилемдик беренелери боюнча кылмыш ишин козгоп, аны Ош шаардык прокуратурасындагы кызматынан бошоткон. Мындан соң Ош шаардык соту аны сыртынан камакка алуу чечимин чыгарып, издөө жарыялаган. Ошондон бери бир айга жакын убакыт өтсө да, Кадыралиев кармалбай жатат.

Ош шаардык прокуратурасынын кызматкери Канжар Кадыралиев Жогорку Кеңештеги Социал-демократтар фракциясынын депутаты Ыргал Кадыралиеванын бир тууганы. Кадыралиева агасына козголгон ишти саясий атаандаштарынан көрүп келет. (UEz)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG