Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:20

ЖККУнун Москва саммитинде 22 документке кол коюлду


Москвада өткөн ЖККУнун кезектеги жыйынында уюмга мүчө мамлекет башчылары 19 чечим, 2 протокол жана биргелешкен билдирүү кабыл алышты. Өлкө башчылары ЖККУга кирген өлкөлөрдү эл аралдык терроризмден, диний экстремизмден коргоо чараларын күчөтүү, ооган-тажик чек арасындагы кырдаалды бирге көзөмөлдөө жана Украинадагы кризистин тынчтык жолу менен чечилишин кубаттоо боюнча макулдашышты.

ЖККУнун төрагалыгы Орусиядан Тажикстанга өттү. Бирок Жамааттык коопсуздук кеңешинин кезектеги жыйыны 2015-жылдын экинчи жарымында кайрадан Москвада өтөт. ЖККУга Кыргызстан, Орусия, Казакстан, Беларус, Армения жана Тажикстан мүчө. (UEz)

XS
SM
MD
LG