Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:49

"Русгидро" ГЭС долбоорунун баасын жогорулатабы?


ГЭСтер каскады жайгашкан Нарын районундагы Таш-Башат айылындагы курулуш иштерин ачуу жөрөлгөсү. 12-июнь, 2013-жыл.
ГЭСтер каскады жайгашкан Нарын районундагы Таш-Башат айылындагы курулуш иштерин ачуу жөрөлгөсү. 12-июнь, 2013-жыл.

“Русгидро” ишканасынын башчысы Евгений Дод Жогорку Нарында курулуп жаткан ГЭСтердин баасы кайра эсептелиши мүмкүн экенин кыйытты.

Орусиялык “Ведомости” гезитинин интернет сайтында “Русгидронун” башчысы Евгений Дод учурда Жогорку Нарынга салынчу ГЭСтердин долбоору иштелип жатканын, ага байланыштуу баасы кайра эсептелиши мүмкүн экенин айткан. Ошол эле маалда эки өлкө ортосундагы келишим эмне себептен кайра караларын ачыктаган эмес.

Мурда белгилүү болгондой, ГЭСтердин баасы 727 миллион доллар, же 24 млрд. рублга бааланган. Келишимге ылайык, бул каражат Орусиянын моюнунда. ГЭСтин жабдуулары Кытайдан алынып, ал эми ишти жергиликтүү курулуш компаниялары жүргүзөрү маалым. Болжол менен алганда жыл ичинде рублге карата кытай акчасы 66%, ал эми кыргыз сому болсо 46% өскөн.

Бирок азырынча кыргыз тарапка “Русгидро” компаниясынан келишимди кайра кароо боюнча расмий билдирүү келе элек. Энергетика министринин орун басары Айбек Калиевдин билдиришинче, келишимдин суммасын өзгөртүү эки тараптын сүйлөшүүсүнөн кийин гана ишке ашат.

- Учурда бизде бул боюнча маалымат жок. Биз дагы интернеттен окудук. Азыр маалыматты тактоо үчүн тийиштүү тараптарга тапшырма берилген. Азырынча эч нерсе айта албайбыз, өзүбүз тактап маалымат беребиз. Аталган гезиттин сайтындагы маалымат расмий билдирүү эмес.

Энергетика маселелери боюнча эксперт Эрнис Карыбеков Орусиянын бүгүнкү экономикалык абалын эске алганда, ГЭС долбоорунун баасы дагы кымбатташы мүмкүндүгүн эскертет.

- Ушул долбоордун баасы башынан эле жогору бычылган. Эми азыр рублдун куну түшүп жатат. Буга байланыштуу Орусия балким бааны көтөрөт. Орусия долбоор натыйжасыз болуп каларын сезип, шылтоо издеп жаткандай болуп турат. Себеби, азыр өздөрүндө акча аз, анан аталган ГЭСти курган күндө деле ал жактан өндүргөн электр энергияны кайда сатат? Мына ошол жагы да бар.

Карыбеков мындай чечимдер Орусия Жогорку Нарынга ГЭСтерди салууга анча кызыкдар болбой жатканынан кабар берет деп божомолдойт.

Нарын дарыясына курулушту жүргүзүп жаткан “Жогорку Нарын Гидроэлектростанция” жабык акционердик коому бул тууралуу маалымат бере албастыгын билдирди. Алар болгону курулуш графиктен калбай жүрүп жатканын маалымдашты. Ушул күнгө чейин 2 млрд. рублдин жумушу аткарылып бүттү.

Райымбек Мамыров.
Райымбек Мамыров.

Жогорку Нарында салынып жаткан ГЭСтердин азыркы суммасы ансыз деле жогору бааланганын айткан, энергетика министринин мурдагы орун басары Райымбек Мамыров баасы мындан да көтөрүлсө, анда Кыргызстан үчүн бул долбоор пайдасыз болорун белгилейт:

- Долбоор мындан ары кымбаттаса, биз үчүн эч кандай пайда жок. Маселен, азыр биз сырттан алган электр энергиясы менен баасы тең болуп калса, анда эмне пайда? Бүгүнкү күндө өзүбүз иштеп чыккан электр энергиянын өздүк баасы 1 сом 20 тыйын же доллар менен эсептей келген эки жарым центтин тегереги. Ал эми Жогорку Нарындагы ГЭСтерден өз баасы алты цент менен иштелип чыккан электр энергиясынын бизге кереги жок.

Нарын дарыясына Орусия менен биргеликте Камбар-Ата-1 жана Жогорку Нарындагы ГЭСтер каскадын куруу боюнча келишимге 2012-жылы кол коюлган. Орусия тараптан каскадды куруудагы Кыргызстандын өнөктөшү “Русгидро” ишканасы - ГЭСтердин курулушу беш-алты жылга созулуп, алгачкы гидроагрегат 2016-жылы ишке кирерин маалымдаган.

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

XS
SM
MD
LG