Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 07:03

Лавров: Украин парламентинин чечими - өзүн өзү алдоо


Сергей Лавров

Сергей Лавров

Украин парламентинин өлкөнүн эч бир блокко кошулбоо макамын жокко чыгаруусун Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров иллюзия деп атады: "...Менин түшүнүшүмчө, парламент кабыл алган мыйзамдан өнүм болбойт. Бул мыйзам долбоору блокко кошулбоо макамын жокко чыгарып, украин саясатчылары ачык айтышкандай, НАТОну көздөй багыттайт, Украинадагы терең кризисти чечет деген иллюзия түзөт."

23-декабрда Жогорку Рада Украинанын эч бир блокко кошулбаган бейтарап өлкө макамын жойду жана НАТО менен Евросоюзга мүчө болуп өтүүнү Украинанын максаты деп бекиткен эле. Президент Порошенко киргизген мыйзам долбоорун 23-декабрда Жогорку Рададагы 450 депутаттын 303 колдоду . Украинанын ички жана тышкы саясатын өзгөртүү Орусиянын Украинага каршы агрессиясы, Крымды аннексиялап алуусу, Чыгыш Украинадагы кырдаалга аскерий кийлигишүүсү жана башка кысымдардан өлкөнүн суверендүүлүгүн, коопсуздугун жана территориялык бүтүндүгүн мурдагыдан эффективдүү камсыздоо зарылдыгы менен түшүндүрүлдү.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG