Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:45

Sony Pictures Ким Чен Ын тууралуу комедия көрсөтөт


АКШ президенти Барак Обама Sony Picturesтин «Маек» тасмасын 25-декабрдан тарта чектелүү аудиторияга көрсөтүлүшүн колдойт. Бул тууралуу Ак үй тараткан билдирүүдө айтылат.

Sony Pictures компаниясынын “Маек” аттуу комедиясында Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ынды өлтүрүүнү уюштурган кутум чагылдырылган. Юмор аралашкан тасма Рождествонун алдында жарыяланмак. Компанияга жасалган киберчабуул жана коркутуулардан кийин фильм көрсөтүлбөй калды. АКШ бул үчүн Түндүк Кореяны айыптап чыккан.

Пхеньяндын окуяга тиешеси жок экенин билдирген Түндүк Кореянын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү киберчабуул боюнча биргелешип иликтөө жүргүзүүнү АКШга сунуштаган. Ошентсе да бул өлкөдө акыркы эки күндөн бери интернет ачылбай жатат.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG