Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:31

Лукашенко кааласа дагы президент болорун айтты


Беларус президенти Александр Лукашенко ар кыл басымга туруштук берерин жана эгер кааласа кийинки шайлоодо да президент болорун жар салды. Бул тууралуу Лукашенко Москвадагы Евразия экономикалык кеңешинин жогорку жыйыны боюнча журналисттерге маалымат берип жатып билдирди. Ал орусиялык айрым журналист жана саясат таануучулар 2015-жылы Беларуста президенттик шайлоо болгону үчүн аны өзгөртүү мүмкүн экенин айтканын, бирок бул туура эмес экенин кошумчалады:

- Лукашенко, кимдир бирөө тарабынан өзгөртүлө турган адам эмес. Мени белорус эли гана өзгөртө алат. Бүгүн бүткүл дүйнө Лукашенкого каршы чыкса да, эгер ал кааласа, баары бир президент болот, - деди Беларус өлкө башчысы.

Ошондой эле ал Беларус менен Орусиянын мамилеси начарлады деген сөздөрдү четке какты.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG