Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:33

Нарын: электр баасына каршы эл кайрадан митингге чыкты


Нарындагы митинг. 17декабрь, 2014 жыл.
Нарындагы митинг. 17декабрь, 2014 жыл.

Нарын облустук драма театрынын алдына 200дөн ашуун киши митингге чыкты. Алар бийликтен электр баасын түшүрүүнү талап кылышууда. Нааразы элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүү үчүн энергетика министри Кубанычбек Турдубаев Нарынга өзү барды, бирок чогулган эл аны укпай борбордук аянтта митинг өткөрүүгө аракет кылып жатышат.

Электр энергиясынын жаңы тарифине ылайык, айына 700 кВт саатка чейин электр кубатын пайдалангандар 70 тыйындан, андан ашкандар 2 сом 5 тыйындан төлөө каралган. Митингге чыккандар суукка байланыштуу электр энергияны лимиттен ашык пайдаланып жатышканын жана кымбат баада төлөөгө шарты жок экенин айтууда. Нарындыктар ушул эле талаптар менен 17-декабрда митингге чыгып, маселени чечүү үчүн бийликке бир жума мөөнөт беришкен болчу. (UEz/MiK)

XS
SM
MD
LG