25-декабрда түнкүсүн кээ бир райондордо, күндүз көпчүлүк аймактарда жаан, кар жаайт, Ысык-Көл жана Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын күтүлөт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15 – 20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүйдө түнкүсүн -4…1, күндүз 3…8 градус жылуу;
Таласта түнкүсүн 0…-5, күндүз 2…7;
Баткенде түнкүсүн 0…-5, күндүз 2…7;
Ош жана Жалал-Абадда түнкүсүн -4…1, күндүз 3…8;
Ысык-Көлдө түнкүсүн -1…-6, күндүз -1…+4;
Нарында түнкүсүн -12…-17, күндүз -4…-9;
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -17…-22, күндүз -7…-12 градус болот.
25-декабрда Бишкек шаарында түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз жаан, кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 0…2 градус суук, күндүзгү жогорку температурасы 5…7 градус жылуу болот.