Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:04

Еврошаркет Пакистандын өлүм жазасына кайтуусун сынга алды


Брюсселдин бүгүнкү билдирүүсүндө “Биз өлүм жазасын терроризмге каршы күрөшүүнүн эффективдүү аспабы катары эсептебейбиз” деп айтылат.

Пакистан бийликтери өлүм жазасына алты жыл мурда киргизилген мораторийди өткөн аптада Талибандын кол салуусунан Пешевар шаарында 148 мектеп окуучусунун өмүрү кыйылгандан кийин жоюп салды.

Бийиктер терроризм боюнча айыпталып соттолгон 500дөй кишиге өкүм алдыдагы апталарда ишке ашырыларын билдирүүдө.

Пакистанда өзү өлүм жазасына кесилген 8000дей айыпкер бар.

Еврошаркеттин расмий өкүлдөрүнүн айтымында, эгер Пакистан дарга асууларды калыбына келтирсе, ал биримдик менен пайдалуу соода келишимин жокко чыгарып алуусу мүмкүн. (UE)

XS
SM
MD
LG