Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:36

АКШда полиция менен демонстранттар кагылышты


Майкл Браун ысымдуу ындыкара өспүрүмдүн өлүмүнө байланыштуу Вашингтондогу нааразылык акциясы. 25-ноябрь, 2014-жыл.
Майкл Браун ысымдуу ындыкара өспүрүмдүн өлүмүнө байланыштуу Вашингтондогу нааразылык акциясы. 25-ноябрь, 2014-жыл.

Өткөн түнкү кагылышуу полиция 18 жаштагы ындыкара өспүрүмдү атып өлтүргөндөн кийин башталган.

Окуя Миссури штатынын Сент-Луис шаарынын чет жакасындагы Беркли районунда болду.

Полициянын ырастоосунда, офицер өзүн коргоо үчүн ындыкара өспүрүм колундагы тапанчасын аны карай бурган кезде ок чыгарган.

Жергиликтүү маалымат каражаттары ок жеген өспүрүмдүн ысымын Антонио Мартин деп аташты.

Анын энеси уулунда эч кандай курал болбогонун айтууда.

Быйыл августа Сент-Луистин дагы бир четки району -Фергюсондо полициянын ындыкара өспүрүмдү атып, өлтүрүп алышынын арты тополоңго айланган.

Ноябрда соттук жюри ок аткан полицейге айып такпоо жөнүндө чечим чыгарганда буга байланышкан нааразылык акциялар АКШнын бир катар шаарларында өткөн. (UE)

XS
SM
MD
LG