Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:24

Пакистанда терроризм менен күрөшүү үчүн атайын соттор түзүлөт


Өлкө премьер-министри Наваз Шарифтин айтымында, аскерлердин көзөмөлүндөгү жаңы түзүлчү соттор терроризмге байланышкан иштерди карамакчы. Бул тууралуу Пакистан өкмөт башчысы терроризмге каршы күрөшүү боюнча улуттук планды талкуулаган жыйындан соң билдирди. Маалыматка ылайык, аталган соттор жакынкы эки жыл да иш алып барат жана алар үчүн тиешелүү мыйзамдарга өзгөртүү киргизилмекчи.

16-декабрда талиптер Пешавардагы аскерий башкаруудагы мектепке чабуул жасаган. Андан 151 адам, анын ичинде 132 окуучу набыт кеткен.

Окуядан кийин Пакистан өкмөтү өлүм жазасына тартуу боюнча алты жылдык мораторийди токтотту.

XS
SM
MD
LG