Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:50

Президенттин маалымат катчысы АКШга элчи болуп барат


Президенттин маалымат катчысы Кадыр Токтогулов Кыргызстандын АКШдагы элчиси кызматына сунушталууда. Бул тууралуу парламенттин эл аралык иштер боюнча комитетинен кабарлашты.

Анын талапкерлигин аталган комитет 29-декабрда карайт. Президент элчини кызматка дайындоо үчүн парламент комитетинин макулдугу керек.

Өлкөнүн АКШдагы азыркы элчиси Мухтар Жумалиевдин кызмат мөөнөтү аяктады. 34 жаштагы Кадыр Токтогулов 2012-жылдан бери Алмазбек Атамбаевдин маалымат катчысы болуп иштеп келет. (UEz)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG