Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:32

Түлеев бир ай ичинде депутаттык мандаттан ажырайт


Нариман Түлеев. 22-июнь, 2012-жыл.

Нариман Түлеев. 22-июнь, 2012-жыл.

Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Рашид Бекбасаров “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, Боршайком 30 күн ичинде Нариман Түлеевдин Жогорку Кеңешке депутаттык ыйгарым укуктарын токтотуу жөнүндө токтом кабыл алат.

- Конституциянын 73-беренесине ылайык, парламенттин депутатынын ыйгарым укугу, башка негиздерден тышкары, ага карата соттун айыптаган жазасы мыйзамдуу күчүнө кирген учурда токтотулат, - деди Бекбасаров.

Бишкек шаардык соту Нариман Түлеев боюнча Ленин райондук сотунун чечимин күчүндө калтырган. Былтыр райондук сот Бишкектин экс-мэри Түлеевди үй-мүлкүн мамлекет пайдасына чегерүү менен күчөтүлгөн режимге 11 жылга эркинен ажыраткан. Бирок депутат ага макул болбой, шаардык сотко арызданган.

“Ата-Журт” фракциясынын депутаты Нариман Түлеев 2012-жылы августта мэр болуп иштеген кезде Кытайдан автобустарды жана таштанды тазалоочу техникаларды сатып келүүдө мамлекеттик бюджетке зыян келтирген деген айып тагылган. Нариман Түлеев соттун мындай өкүмүн “саясий чечим" деп баалап келет. Ал 2012-жылдын июнь айынан бери УКМКнын тергөө абагында камакта.(UEz)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG