Жогорку Кеңештин депутаттары Назарали Арипов жана Замир Бекбоев “Замандаш” партиясынын саясий кеңешине мүчө болушту. Бул тууралуу аталган партиянын кезектеги съездинде айтылды.
Учурда Замир Бекбоев парламенттеги “Ар-намыс”, Назарали Арипов “Республика” фракциясынын депутаты.
“Замандаш” партиясынын саясий кеңеши мурда 30 кишиден турса, эми 40 киши болуп өзгөрдү. (UEz)