Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:27

Иракта жардырууда 40тан ашуун киши набыт кетти


Багдаддын ныптасындагы Мадайн шаарчасында жанкечти жардырган бомбадан бери дегенде 43 адам курман болуп, 61 жоокер жараат алганы кабарланды. Жанкечти бомбаны маяна алганы кезекте турган өкмөттүк аскерлер жана суннит ыктыярчыларынын арасына кирип жардырган.

“Сахва” же “Ойгонуу кеңеши” деген ат менен белгилүү суннилердин ыктыярдуу отряды 2007-2008-жылдары АКШ аскерлери менен чогуу “ал-Каидага” каршы согушкан. Алар азыр Ирактагы сунни экстремисттеринин “Ислам мамлекети” экстремисттик тобуна каршы өкмөттүк күчтөр менен бирге салгылашууда. Жанкечтинин бомба чабуулу үчүн жоопкерчиликти эч бир уюм өзүнө ала элек.

XS
SM
MD
LG