Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:29

Украинадагы абал боюнча сүйлөшүү жыйынтыксыз аяктады


Беларустун борбору Минскиде Украинанын чыгышындагы абалды жөнгө салуу жана ок атууну токтотуу боюнча сүйлөшүүлөр жыйынтыкталды. Беш сааттан ашык сүйлөшүүдө жылыш болгон жок. Кийинки сүйлөшүүнүн мөөнөтү да аныктала элек. Ага Орусия, Украина, ЕККУнун чабармандары жана орусиячыл жикчилдердин өкүлдөрү катышты.

Буга чейин сүйлөшүүлөр Минскиде 5-сентябрда болуп, анда ок атышууну токтотуу макулдашылган. Бирок ал макулдашуулар аткарылбай эле андан берки атышуулардан, БУУнун эсебинде, 1300дөн ашуун кишинин өмүрү кыйылды. Ал эми өлкө чыгышындагы окуялардан жалпысынан 4700дөн ашык адам набыт кетти.

XS
SM
MD
LG