Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 05:36

Sony Pictures Ким Чен Ын тууралуу комедияны интернетке чыгарат


Sony Pictures компаниясы Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ынды өлтүрүүнү уюштурган кутум чагылдырылган “Маек” аттуу комедияны интернетке чыгарат. Буга чейин тасма чектелүү аудиторияда көрсөтүлмөй болгон. Тасманын айынан компанияга жасалган киберчабуул жана коркутуулар болгон. Мындан улам Sony Pictures комедияны көрсөтпөө чечимине келген эле. Көптөр бул чечимди сөз эркиндигине каршы чабуул иретинде баалашкан.

Расмий Вашингтон киберчабуул үчүн Пхеньянды айыптап, президент Обама ага “өзүнө жараша” жооп берилерин эскерткен.

Пхеньяндын окуяга тиешеси жок экенин билдирип, киберчабуул боюнча биргелешип иликтөө жүргүзүүнү АКШга сунуштаган.

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG