Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:21

Бишкекте кыргыз-түрк кызматташтыгы талкууланат


Бүгүн Бишкекте кыргыз-түрк соода-экономикалык кызматташтыгы боюнча өкмөт аралык комиссиянын жыйыны башталат. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, Түркиянын делегациясын Нуман Куртулмуш баштап келет. Тараптар эки өлкө ортосундагы соода-экономикалык алаканын келечеги боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзмөкчү.

Кыргызстан жана Түркиянын ортосундагы соода жүгүртүүнүн көлөмү 2013-жылы 426 миллион долларды түзгөн. Эки өлкө жетекчилиги 2016-жылга чейин муну 1 миллиард долларга жеткирүүнү көздөшүүдө. (BkA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG