Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:34

Оң рулдуу унаага тыюу салган мыйзам долбоор экинчи окууда жактырылды


Жогорку Кеңеш депутаттары өлкөгө оң рулдуу автоунааларды алып кирүүгө тыюу салган мыйзам долбоорун 2-окууда кабыл алды. Эгер аталган мыйзамды парламент үчүнчү окууда кабыл алып, президент кол койсо өлкөгө сырттан оң рулдуу автоунаа алып кирүүгө толугу менен тыюу салынат. Мыйзамды демилгелеп жаткан ИИМ өлкө аймагындагы жол кырсыктарынын көбү оң рулдуу унаалардын айынан болуп жатканын жүйө кармоодо.

ИИМдин маалыматы боюнча, өлкөдөгү оң рулдуу унаалардын саны 165 миңден ашат. Бул сан өлкөдөгү жалпы унаанын 35 пайызын түзөт. Быйылкы жылдын 11 айында эле өлкөгө 50 миңге жакын оң рулдуу автоунаа кирген. (BkA)

XS
SM
MD
LG