Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:05

Кыргыз-тажик чек арасына жакын жайлоодо тогуз үй өрттөлдү


Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат катчысы Абдышарип Бекилов “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, 24-декабрдын кечинде Баткен районунун Кара-Бак айыл өкмөтүнүн Булак-Башы жайлоосунда элдин жайкы мезгилде убактылуу жашап туруучу тогуз турак жайы белгисиз адамдар тарабынан атайын өрттөлгөн.

- Алдын ала маалыматтар боюнча үйлөр атайын өрттөлгөн. Ал жерге кышкысын эч ким барбайт. Бул жайлоо Ворух анклавынан 12 чакырым алыстыкта, - деди Бекилов.

Учурда Баткен РИИБи атайын өрттөө фактысы боюнча кылмыш иши козгоп, тергөө иштерин жүргүзүүдө. Атайын өрт коюу учурлары бул аймакта мурда да катталган. Милициянын божомулунда турак жайлар тажик жарандары тарабынан өрттөлүшү мүмкүн. (UEz)

XS
SM
MD
LG