Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:47

Журналист Орунбековго айып тагылды


Жалган маалымат тараткандарды жазалоо боюнча мыйзамга ылайык, maalymat.kg сайтынын негиздөөчүсү Дайырбек Орунбековго кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматкери Санжар Абжалиев “Азаттыкка” билдирди:

- Кылмыш ишин тергөө аяктап, айыптоо чечими менен башкы прокуратуранын кароосуна бүгүн түштү. Биз териштирип, текшерип туруп, беш күндүн ичинде изилдеп, сотко жөнөтүшүбүз керек, - деди ал.

Кылмыш иштин козголушуна “Жаңы жүздөр” гезитиндеги макала себеп болгон. Гезитке Анара Юсупова аттуу журналист Орунбеков өз сайтына бийлик башындагы адамдарды Ош окуясына күнөөлүү деп негизсиз каралап жазганы, ишенимсиз булактарга таянганы үчүн жоопкерчиликке тартылышы керек деп жазат.

Дайырбек Орунбековго оор же өзгөчө оор кылмыш жасады деп жалган маалымат таратты деп айып тагылууда. Беренеде буга 100 миңден 200 миң сомго чейин айып же бир жылдан үч жылга чейин эркинен ажыратылары көрсөтүлгөн.

Өзүн оппозициялык маанайдагы журналист эсептеген Орунбеков муну саясий куугунтук жана сөз эркиндигине кысым деп баалоодо.

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG