Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:24

БШК депутат Аманбаеваны мандаттан ажыратууну карайт


Башкы прокуратура Аманбаеваны депутаттык мандаттан ажыратууну БШКдан өтүндү

Бул тууралуу башкы көзөмөл органынан билдиришти. Маалыматка ылайык, депутат Урмат Аманбаева Баш мыйзамдын 72-73-беренелерин одоно бузуп, депутаттын макамына каршы келген ишмердик менен алектенген.

Борбордук шайлоо комиссиясы прокуратуранын өтүнүчүн 30 күн ичинде карап, тиешелүү чечим кабыл алат.

Башкы прокуратура Урмат Аманбаеваны Оштогу кургак учукка каршы күрөшүү борборунда эсепчи болуп турганда оорукана жетекчилиги менен коррупциялык схемаларды түзгөн, мунун айынан өлкө казынасына ири өлчөмдө зыян келген деп айыптап, кылмыш ишин козгогон. Аманбаева козголгон кылмыш ишинен улам саламаттыгы начарлаганын айтып, учурда ооруканада дарыланууда. Ал эми депутат менен бирге айыпталган Ош шаарындагы кургак учукка каршы борбордун мурдагы башкы дарыгери Акылбек Байсалов 11-декабрда табышмактуу жагдайда өз жанын кыйган эле. (UEz)

XS
SM
MD
LG