Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:27

Келдибековдун дарылануусу көпкө узарса, чара көрүлөт


Чет өлкөгө дарыланууга кеткен Акматбек Келдибеков кайтып келип, сот алдында жооп бербесе, прокуратура чара көрөт. Бул тууралуу “Азаттыкка” башкы прокурордун орун басары Темирбек Бекмаматов билдирди.

- Сот Келдибековду ооруп жатат деген жүйө менен чет өлкөдө дарыланууга уруксат берген. Анын адвокаты дарылануу уланып жатканын, жакында кайтарын билдирип бизге кат жолдогон. Эгер дагы созулуп кетсе чара көрүлөт.

Келдибековдун өлкөдөн чыгып кеткенине беш айга чукулдап калды. Августтун башында Биринчи май райондук сотунун чечими менен анын ден соолугуна байланыштуу кылмыш иши убактылуу токтотулуп, чет өлкөдө дарыланууга уруксат берилген. Анын дарылануу мөөнөтү сот тарабынан чектелген эмес, ошол себептүү анын соттук териштирүүсү качан улантылары белгисиз бойдон калууда. Акматбек Келдибеков дарылануу үчүн 10-августта Малайзияга учуп кеткенин анын жактоочуларынын бири Азимбек Бекназаров билдирген болчу. Айрым маалыматтарда анын Дубайда жүргөнү айтылууда.

"Коррупция" жана "Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренелери боюнча айыпталган “Ата-Журт” фракциясынын депутаты Келдибеков өткөн жылдын күзүнөн бери камакта болчу. Бул аралыкта ал буту жана колунан төрт жолу операция болгон. (UEz)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG