Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:42

Азия өлкөлөрү 2004-жылкы цунаминин курмандыктарын эскерүүдө


Түштүк-Чыгыш Азия өлкөлөрүндө 10 жыл мурда Тынч океанда болгон деңиз алааматынын курмандыктары эскерилүүдө. 2004-жылы 26-декабрда цунами менен коштолгон жер титирөө Индонезия, Шри Ланка, Тайланд жана башка өлкөлөрдө 200 миңден ашуун адамдын өмүрүн жалмаган. Зилзаланын очогу Индонезиянын Аче провинциясында ондогон кыштактар жексен болуп, картадан өчкөн.

Аймактын борбору Аче-Бандадждагы мечитте кутпа окулду. Боордоштор көрүстөнүндөгү эскерүү аземине Индонезиянын вице-президенти Юсуф Калла баштаган жетекчилер катышты.

Тайланддын ички иштер министри, генерал Анупонг Паочинда Фанг-Нга провинциясындагы эскерүү зыяпатында табигый кырсыктар жөнүндө ар бир адам кабардар болушу абзел экенине токтолду: "Цунамини эскертүү системасы абдан маанилүү. Биз эртелеп даяр болуубуз үчүн кырсыкты алдын ала эскертчү болушубуз керек”.

Түштүк Тайланддагы балыкчылардын Бан Нам Хем кыштагындагы курмандыктардын аты жазылган меморалдык дубалга гүл чамбарлар коюлду.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG