Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:24

Пакистанда пилотсуз учактар жети согушкерди жок кылды


Түндүк Вазиристандагы согушкерлердин жабыт жайына АКШлык пилотсуз учактар аткан ракеталардан кеминде жети желдет өлдү. Пакистандын коопсуздук кызматынын билдиришинче, сокку өзбек жана панжаби талиптеринин жабыттарына урулган. Июндан бери жүрүп жаткан операция маалында уруулардын башкаруусундагы Түндүк Вазиристан аймагынын 80 проценти талиптерден жана башка согушчул топтордон бошотулганын Пакистан армиясы маалымдады. Урушта 1 500ден көп согушкер жок кылынып, 125 аскер катардан чыккан. Бирок бул маалыматтар көз карандысыз булактар тарабынан тастыктала элек.

16-декабрда талиптер Пешавардагы мектепке жасаган чабуулда 151 адам, анын ичинде 142 окуучу курман болгондон кийин Пакистан армиясы талиптерге каршы операцияны күчөткөн.

XS
SM
MD
LG