Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:52

Кенан Алиев: Бакуда "Азадлыг" иштей албай калды


"Азадлыг" радиосунун журналисттери бир бөлмөдө кармалууда. Баку.

"Азадлыг" радиосунун журналисттери бир бөлмөдө кармалууда. Баку.

Азербайжан прокуратурасы “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун Бакудагы бюросун 26-декабрда эртең менен текшере баштады.

Куралчан полициянын коштоосунда келген прокуратура кызматкерлери “бюрону жабуу жөнүндө” соттун чечимин көрсөткөн. “Азаттык” радиосунун Азербайжан кызматынын маалымдашынчы, бюродо телефондор жана интернет өчүрүлгөн. Прокуратуранын айтымында, текшерүү “Азадлыг” чет өлкө каржылаган радио болгону үчүн жүргүзүлүүдө. Рейдди “Азадлыг” радиосунун башчысы Кенан Алиев көз карандысыз медиага каршы чабуул деп мүнөздөдү:

- Бакудагы биздин бюронун иши токтоду. Азербайжанда медиа жана бейөкмөт уюмдар узактан бери талкаланууда. Биздин кабарчыбыз Хадижа Ысмайилова да камалды. Биз муну көз карандысыз медиага каршы чабуул деп билебиз.

Учурда кеңсенин 20 кызматкери чакан бөлмөдө кармалууда. Азербайжан прокуратурасы кийинки жылдары башка дагы чет өлкөдөн каржыланган бейөкмөттүк мекемелерге рейд жасап, АКШнын билим берүү жана маданий кызматташууну өнүктүрчү IREX фондун жана Улуттук демократиялык институтун жапкан.

Прокуратура өзү менен кошо күбөлөрдү да ала келген.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG