Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:28

Бакуда "Азадлыгдын" бюросун прокуратура жапты


Азербайжан прокуратурасы “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун Бакудагы бюросуна рейд жасады. 26-декабрда эртең менен куралчан полициянын коштоосунда келген 10 чакты прокуратура кызматкери журналисттерге жумушун токтотуп, кеңседен чыгып кетүүнү буйруган жана бюронун сейфин, жабдууларын, мөөрүн алып кетти. Анын алдында кабарчыларды бир бөлмөгө чогултуп, телефон жана интернетти пайдаланууга уруксат бербей койгон. Офисте бюронун директору менен адвокат гана калтырылды.

Рейдди “Азадлыг” радиосунун башчысы Кенан Алиев көз карандысыз медиага каршы чабуул деп мүнөздөдү: "Бакудагы биздин бюронун иши токтоду. Азербайжанда медиа жана бейөкмөттүк уюмдар узактан бери талкаланууда. Биздин кабарчыбыз Хадижа Ысмайилова да камалды. Биз муну көз карандысыз медиага каршы чабуул деп билебиз".

Азербайжан прокуратурасы кийинки жылдары башка дагы чет өлкөдөн каржыланган бейөкмөттүк мекемелерге рейд жасап, билим берүү жана маданий кызматташууну өнүктүрчү IREX эл аралык фондун жана Улуттук демократиялык институтун жапкан.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG