Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 03:44

Орусиянын 54 рубли 1 АКШ долларына теңелди


Орусиянын акчасы акыркы беш күндө 4 процентке кубаттанды. Ай башында 1 доллардын баасы 80 рублге чыгып кетсе, 26-декабрда 54 рубль 1 АКШ долларына алмашылды.

Рублдин алдан тайышын эксперттер кара майдын эл аралык рынокто арзандоосу жана Украин кризисине байланыштуу Батыш өлкөлөрү Орусияга жарыялаган санкциялардын кесепети менен түшүндүрүшкөн.

Рублдын кубатына кирүүсү Борбордук банктын валюта кору 12-19-декабрда 16 миллиард долларга жакын азайганын жарыялагандан кийин жайлап калды. Расмий Москва февралда сырт өлкөлөргө сатылчу 1 тонна буудайдан бери дегенде 43 доллар салык алынарын жарыя кылды. Бул чара ундун тартыштыгын жана буудайдын баасын төмөндөтүү үчүн жасалууда.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG