Линктер

жекшемби, 30-апрель, 2017 Бишкек убактысы 16:51

Атамбаев: Нарындагы митингди ОБОНдор уюштуруп жатат


Бул тууралуу президент Алмазбек Атамбаев “Ала-Арча” резиденциясында өтүп жаткан маалымат жыйынында билдирди.

- Нарын 23 жылдан бери дотацияда отурат. Кыргыз эли ансыз деле нарындыктарды багып жатат. Аларга электр энергиясы арзан болсун деген талапка такыр кошулбайм. Нааразылык акцияларды ОБОНдор уюштуруп жатат, - деди Атамбаев.

Ушул аптада Нарын шаарында 200дөн ашуун киши митингге чыгып, бийликтен электр баасын түшүрүүнү талап кылышкан.

ОБОН термини Кыргызстанда нааразылык акцияларына жалданып чыккан аялдар деп кабылданат. (EBM/MTo)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG