Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:12

Атамбаев: Эмки жылы өлкө түштүгү өз газыбызды жагат


Эмки жаңы жылды өлкөнүн түштүгүндөгү бардык шаарлар өз газыбыз менен тосушат, - деди президент.

Президенттин айтымында, мурдараак түндүк-түштүк газ куурун куруу пландалган. Анын чыгымы 1,3 – 1,5 миллиард доллар деп эсептелген.

- Бирок, жыйынтыгында Баткенде өлкө түштүгүн беш-он жыл газ менен камсыз кыла алган газ кени табылды. “Газпром” менен сүйлөштүк, ал жерден Ош менен Жалал-Абадга газ ташыган түтүк салып беришет. Өзбекстан газды кайрадан берген күндө деле көз карандысыз газ менен камсыздоо системасын курушубуз керек, - деп кошумчалады Атамбаев.

Бул иш эмки жылдын күзүнө чейин аткарыларын айтып, буга удаа эле Кызыл-Кыяда көмүрдөн газ чыгара турган завод куруларын белгиледи. (МТо)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG