Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:18

Атамбаев: Бажы биримдигисиз Кыргызстандын келечеги абдан кыйын


Бул тууралуу президент Алмазбек Атамбаев “Ала-Арча” резиденциясында өтүп жаткан маалымат жыйынында билдирди.

- Бажы биримдигисиз Кыргызстандын келечеги абдан кыйын болот. Биз уюмга араң кирдик. Өзүмдү ойлоп кирген жокмун. Башка жолубуз жок. Бажы биримдиги биздин экономиканы кайра курууга мүмкүнчүлүк ачат, - деди президент.

Кыргызстан Бажы Биримдиги, же болбосо Евразия экономикалык бирикмесине кирүү боюнча документке 23-декабрда Москвада кол койгон. Ал документ аталган уюмга мүчө башка өлкөлөрдүн ратификациясынан өткөндөн кийин күчүнө кирет. Бул процесстер эмки жылдын май айында бүтүп калары белгиленген. (EBM/MTo)

XS
SM
MD
LG