Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 07:52

“Азадлыг” азербайжан тилинде маалымат таратууда


“Эркин Европа/ Азаттык” үналгысынын Азербайжан кызматы азербайжан тилинде маалымат таратуусун улантууда. 26-декабарда эртең менен Бакудагы кеңседе тинтүү иштери жүрүп, айрым кызматкерлер суракка алынган.

“Азадлыг” кеңсесин прокуратура жапканын, бирок, тергөөчү Сенан Пашаев аны жабуу боюнча кандайдыр бир документтерди берүүдөн баш тартканын билдирет.

Куралчан полициянын коштоосунда келген он чакты прокуратура кызматкери рейд учурунда журналисттерге жумушун токтотуп, кеңседен чыгып кетүүнү буйруган жана бюронун сейфин, жабдууларын, мөөрүн алып кеткен. Анын алдында кабарчыларды бир бөлмөгө чогултуп, телефон жана интернетти пайдаланууга уруксат бербей койгон.

Рейдди “Азадлыг” радиосунун башчысы Кенан Алиев көз карандысыз медиага каршы чабуул деп мүнөздөдү:

- Бакудагы биздин бюронун иши токтоду. Азербайжанда медиа жана бейөкмөттүк уюмдар узактан бери талкаланууда. Биздин кабарчыбыз Хадижа Ысмайилова да камалды. Биз муну көз карандысыз медиага каршы чабуул деп билебиз.

“Эркин Европа/ Азаттык” үналгысынын жетекчилеринин бири Ненад Пеич азербайжан прокуратурасынын аракеттерин “эл аралык стандарттарды жана Азербайжандын милдеттенмелерин ачыктан ачык бузуу” деп сыпаттады.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG