Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:07

Ошто 120 орундуу бала бакча ачылды


Ош шаарынын Жапалак айылында 120 орундуу №73 “Актан Жапалак” бала бакчасы ишке берилди. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынан кабарлашты.

120 орундуу бакча 23 млн. сомго бааланып, 7 ай аралыгында толук бүткөрүлгөн. Бакча ар бир бөлмөгө өзүнчө дааратканасы, музыкалык бөлмөсү, спорт залы менен кошо курулган. Ошол 23 млн. сомдун эсебинен бакчанын ичи эмеректер менен да толук жабдылган.

Ошол эле учурда Ош шаарынын Амир-Темир кичи районундагы 90 орундуу бакчанын 45 млн. сомго бааланган курулушу эки жылдан бери бүтпөй турат. (YI)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG