Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:24

Ош аба майданынан адам уурдалды


"Спецназ" деген жазуусу бар кара кийимчен, беш куралчан адам Ош аба майданынын ВИП залынан адам уурдашканы кабарланууда. Бул маалыматты Ош шаардык милициясынын маалымат катчысы Замир Сыдыков таратты.

Анын айтымында, кара формачан адамдар аэропорттун күтүү залына киришип, атайын операция жүрүп жатканын айтып, элди жерге жатууга мажбурлашкан. Андан соң үч-төрт баштыкты жана бир адамды өздөрү менен кошо алып кетишкен. Учурда милиция кызматкерлери ал баштыктарда чоң суммадагы акча болгон, өздөрү менен кошо ала кеткен киши ал акчанын ээси деп божомолдошууда.

Белгисиз адамдардын колунда “Калашников” автоматы, “Макаров” тапанчасы жана видео камералары болгонун, алар "Тойота-Эстима" үлгүсүндөгү унаа менен изин жашырганы айтылууда.

Ош шаардык милициясы кара кийимчендерди издөө иштерин башташкан. Буга чейин да Ош аэропортуна жакын жерде ири суммадагы акча тонолуп кеткен болчу. YI

XS
SM
MD
LG