Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:47

Түндүк Корея интернеттин үзгүлтүккө учурашын АКШдан көрүүдө


Түндүк Корея өз аймагында акыркы күндөрү интернеттин ишинин үзгүлтүккө учурап жатышына АКШны айыптоодо.

Кореянын коргоо боюнча улуттук комитети бүгүн атайын билдирүү менен чыкты. Анда “Чоң аймакты ээлеп турганына карабастан, уялбай туруп АКШ жашынмак ойноп, мурдунун суусу кургай элек жаш баланын жоругун жасап жатат” деп айыптады.

Мурдараак Вашингтон Sony Pictures компаниясына киберчабуул жасады деп Пхеньянды айыптап чыккан. Компания Түндүк Корея лидерин өлтүрүү максатында ойдон чыгарылган кутум тууралуу “Интервью” аттуу фильм жараткан болчу.

Декабрдын башында Sony Pictures Рождество майрамына пландаган премьерасын токтоткон. Буга көпчүлүк кинотеатрлардын тасманын айынан хакерлер тарабынан террордук чабуул жасалат деп чочулаганы себеп болгон. Бирок кийинчерээк тасманы прокатка чыгарууну чечишкен.

XS
SM
MD
LG