Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:01

Атамбаев: Сариевдин банк уячаларынан алынган акчага тиешеси жоктугу аныкталды


Темир Сариев.
Темир Сариев.

Прокуратура дагы бир ирет текшерип, Темир Сариевдин банк ячейкалары боюнча ишке тиешеси жоктугун аныктады.

Бул тууралуу бүгүн маалымат жыйынын өткөрүп жатып президент Алмазбек Атамбаев билдирди.

2010-жылдын 7-апрелинен кийин айрым ири банктардагы баалуу буюмдарды сактоочу уячалардан Бакиевдерге тиешелүү делген ири көлөмдөгү акчалар алынган. Кийин ал акчалардын изи табылбай калганы айтылып, буга ошол кезде каржы тармагын көзөмөлдөгөн Темир Сариевди айыптагандар да болгон.

Бул иш саясий куралга айланды деген Сариев, ноябрь айынын этегинде ишти кайрадан иликтөөнү өтүнүп, прокуратурага кайрылган болчу. (МТо)

XS
SM
MD
LG