Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:22

Атамбаев: Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүү керек


Мындай пикирин президент Алмазбек Атамбаев бүгүнкү маалымат жыйынында билдирди.

- Сот реформасы, шайлоо боюнча Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүү керек. Бир айда жазылган Конституция идеалдуу болушу мүмкүн эмес, Жалпысынан биз туура багытта баратабыз. Анан калса өлкө башчысынын укуктарын акырындап азайта беришибиз зарыл. Мейли, президенттин ыйгарым укуктарын кыскарта берсин, мен макулмун. Муну менен бирге эле парламент өкмөткө жолтоо болбой, мыйзам чыгаруучулук менен көбүрөөк алектене тургандай механизм ойлоп табуу керек,- деди президент.

Президент муну менен катар Баш мыйзамды түп-орду менен өзгөртүүгө каршы экенин кошумчалады.

Өлкөнүн Башмыйзамы акыркы ирет 2010-жылдагы ыңкылаптан кийин жаңыланып, референдум аркылуу бекитилип, аны 2020-жылга чейин өзгөртпөө тууралуу жобо кабыл алынган. (МТо)

XS
SM
MD
LG