Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:14

Беларус президенти ири кадрдык өзгөртүүлөрдү жасады


Беларус президенти Александр Лукашенко өкмөт башчысын жана Улуттук банктын төрагасын, ошондой эле бир топ министрлерин, ири ишканалардын жетекчилерин кызматтан алды.

Михаил Мясниковичтин ордуна мурдагы президенттик администрация жетекчиси Андрей Кобяков премьер-министр болуп дайындалды.

Улуттук банктын башына Павел Каллаур келди. Экономика министрлигин Владимир Зиновский, салыктар жана жыйымдар боюнча министрликти Сергей Наливайко, өндүрүш министрлигин – Виталий Вовок, билим берүү министрлигин – Михаил Журавков ээлешти.

Ошондой эле өкмөт башчынын айрым орун басарлары, Минск автозаводунун жана Минск мотор заводунун жетекчилери да алмашты.

Лукашенко кечээ Беларустагы экономикалык көйгөйлөр боюнча жыйын өткөргөн. Жыйында президент жагдайды жакшыртуу үчүн жүргүзүлгөн аракеттер айрым бир жетекчилерди жактырбай турганын билдирген. Аны чечүү үчүн кадрдык өзгөртүүлөргө барарын убада кылган.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG