Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:17

Ош ШИИБси аэропортто адам уурдагандарды издөөгө көмөктөшүүнү суранды


Кечээ күнү Ош аэропортундагы куралдуу кол салуу менен тоноого шектүү адамдардын биринин фотороботу.

Кечээ күнү Ош аэропортундагы куралдуу кол салуу менен тоноого шектүү адамдардын биринин фотороботу.

Ош шаары жана Ош облусу боюнча ички иштер башкы башкармалыгы 27-декабрда Ош аэропортунда болгон кылмыштын бетин ачууга көмөк көрсөтүп, жарандарды кызматташууга чакырат.

- Сүрөттөгү адам бир колуна Макаров үлгүсүндөгү тапанчаны, экинчи колуна видеокамера кармап: «Идет спецоперация, работает спецназ, всем лицом вниз» деп кыйкырган. Жашы болжол менен 30-35 жашта, азиат. Ошол учурда көз айнекчен болгон. Бирок, көз айнекти иликтөөнү татаалдантуу үчүн тагынып алышы мүмкүн. Тонолгон акчалар беш сумкада болуп, жалпы суммасы 5 млн. 679 миң доллар экендиги анык болду,- деди Ош ШИИБинин маалымат катчысы Замир Сыдыков.

Кызматташкан адамдар менен жашыруун сыр сакталат. Телефондор: 102, 5-71-81, 5-59-10, 5-52-44. (Башка район-шаарлардан чалуулар 03222 коду аркылуу)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG