Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:39

Сирия өкмөтү оппозиция менен тынч сүйлөшүүгө даяр


Сирия.
Сирия.

Сирия бийлиги өлкөсүндөгү куралдуу чатакты жөнгө салуу үчүн тынч сүйлөшүүгө даяр. Батыш маалымат каражаттарынын кабарлашынча, сүйлөшүүлөр кийинки айда Москвада өтөрү пландалууда.

Сириялык SANA агенттиги Тышкы иштер министрлигиндеги анонимдүү булакка таянып, Сирия өкмөтү Москвада алдын ала кеңешүүчү жолугууга даяр экенин жазды. "Муну менен өкмөт кризистен чыгууга умтулган жарандарынын үмүтүн жандырууну чечти" дейт агенттик.

Орусиянын Тышкы иштер министрлиги январдын аягында Сирия өкмөтүнүн өкүлдөрү менен оппозициялык топтордун сүйлөшүүсүн уюштурууга үмүт артарын билдирди.

XS
SM
MD
LG