Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:09

Донбасстагы туткундан дагы төрт украин бошотулду


Украинанын чыгышындагы жикчилдердин колундагы украин армиясынын үч аскери жана бир жаран туткундан бошотулду. Украинанын коргоо министринин орун басары Василий Будиктин билдиришинче, бошотулгандар Луганск аэропортунан кармалып, 120 күн бою туткунда кармалышкан.

Андан мурдараак Донбасстагы туткунда жаткан 146 украин аскери бошотулган эле. Украин бийлиги өз кезегинде 222 туткун жикчилди бошоткон.

Украинанын Коопсуздук кызматынын маалыматына караганда, 25-декабрдагы эсеп боюнча Донбасста дагы 684 туткунда жатат.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG