Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:48

Азербайжан бийлиги “Азадлыгдын” кызматкерлерин коркутууда


"Эркин Европа/Азаттык" үналгысынын Бакудагы бюросунда иштеген журналисттердин адвокаттары Азербайжан өкмөтүн радиостанциянын журналисттерин коркутуп-үркүтүүдө деп айыпташууда.

Ишемби күнү корпорация жетекчилиги билдирүү жасап, прокуратурага суракка чакыруу үчүн журналисттердин батирлерине полиция жөнөтүүдө деп азербайжан бийлигин сынга алды

Жетекчилердин бири Ненад Пеич, Азербайжан бийлиги радио кызматкерлерин жана алардын үй-бүлөлөрүн коркутуп жатат деп айтты.

Журналисттер суракка алуулар адвокаттын катышуусунда болушун талап кылышууда. Аларга өз эрки менен прокуратурага келишпесе күч менен алып келишерин эскертишкен болчу.

Кечээ кечинде бюронун төрт кызматкери прокуратурага суракка чакырылганы маалымдалууда. Дагы сегизи дүйшөмбү күнгө суракка чакыртылган.

Жума күнү башкы прокуратура “Азадлыгдын” Баку бюросун тинтүүгө алып, андан соң кеңсени жаап кеткен. Кеңсенин мөөрү, уюмдун документтери, компьютерлер жана башка жабдыктар тартылып алынган. Башкы прокуратура өкүлдөрү тинтүү сырттан каражат алган коммерциялык эмес уюм катары “Азадлыгдын” ишмердүүлүгүн иликтөөнүн алкагында жүрүп жатканын айтышкан.

АКШ жана эл аралык уюмдар бюрого жасалган полициянын рейдин айыптап чыгышты.

XS
SM
MD
LG