Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:38

Евразия кубогунда Кыргызстандык хоккейчилер байгелүү орунга илинбей калды


Сочи шаарында өткөн хоккей боюнча өспүрүмдөр курамалары арасында Евразия кубогу үчүн мелдеште кыргызстандык хоккейчилер 11-орунду ээледи.

Мелдештердин расмий сайтында маалымдалгандай, 28-декабрда Кыргызстандын курамасы Латвиянын “Рига” командасына каршы 10-орун үчүн акыркы беттешин өткөрүп, 9:4 эсеби менен жеңилген.

Бир күн мурда кыргыз хоккейчилери Астана командасы менен ойноп, 7:3 эсебинде жеңишке жетишкен эле.

“Хоккей жомогу” аталышында Евразия кубогу үчүн мелдеш 20-декабрда башталган. Ага Кыргызстан, Казакстан, Беларус, Латвиянын курамалары жана Орусиянын Казан, Москва, Ярославль, Магнитогорск, Санкт-Петербург жана Ангарск шаарларынан жалпысынан 12 команда катышты. (Ech)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG