Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:21

Бишкекте жүргүнчү ташыган маршруттук унаа кырсыкка кабылды


Бишкек шаарындагы 185-маршрутка жеңил авто унаа менен кагышып, жыйынтыгында кичи автобус капталынан кулап түшкөн. Бул тууралуу окуяга күбө болгондор кабарлашты. Маалыматка ылайык жүргүнчү ташыган маршрутка Киев көчөсү менен чыгышты карай бара жатып кырсыкка кабылды. Учурда бир нече жүргүнчү жабыркап, ооруканага жеткирилгени айтылууда.

Ал эми шаардык Жол кайгуул кызматы бул маалымат такталып жатканын кабарлады. (TSh)

XS
SM
MD
LG