Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:36

Аида Салянова “Манас” ордени менен сыйланды


Президент Алмазбек Атамбаевдин 29-декабрдагы жарлыгына ылайык, баш прокурор Аида Салянова II даражадагы “Манас” ордени менен сыйланды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Салянова укуктук мамлекетти жана демократиялык коомду курууга кошкон жигердүү салымы үчүн сыйлангандыгы белгиленген.

42 жаштагы Аида Салянова 2011-жылдын 14-апрелинен бери баш прокурор кызматын аркалап келген. Өткөн аптада ал кызматынан кетет экен деген сөздөр тарап, бирок расмий тараптар аны четке каккан болчу.

Ошондой эле президент Атамбаевдин бүгүн чыккан дагы бир жарлыгына ылайык, Мамлекеттик коопсуздук кызматынын төрагасы Бузурманкул Табалдиевге кезектеги “генерал-полковник” аскердик наамы ыйгарылды.

XS
SM
MD
LG