Европадагы Коопсуздук жана кызматташтык уюму Эркин Европа/Азаттык радиосунун Бакудагы бюросуна жасалган рейдди жана анын жабылышын “Азербайжандагы эркин медиага жана ой-пикир билдирүү эркиндигине дагы бир олуттуу сокку” деп атады.
ЕККУнун басма сөз эркиндиги боюнча атайын өкүлү Дунья Миятовичтин айтымында, расмий Баку “Азадлыг” радиосунун иши кайра жандануусуна жана “өлкөдө сынчыл добуштун өмүр сүрүшүнө” жол бериши керек.
Эркин Европа/Азаттык радиосунун азери кызматы – “Азадлыг” радиосунун Бакудагы бюросу 26-декабрда тинтүүгө алынып, документтер, маалымат топтолгон файлдар, жабдуулар конфискацияланып, кеңсе прокурорлор тарабынан жабылган.
Бюронун 12 кызматкери 27-28-декабрь күндөрү суракка алынып, анын жүрүшүн ачыктабоого милдеттендирген документке кол коюшкан. Журналисттердин бир канчасы суракка бүгүн да чакыртылды. Бирок алардын укугун коргогон адвокат жок.
Азербайжан бийликтери “Азадлык” радиосунун Бакудагы бюросуна жүргүзүлгөн рейдди четтен каржыланган бейөкмөт уюмдарды иликтөө алкагындагы иш катары түшүндүрүүдө. (UE)