Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:10

Ошто Токтогул Сатылгановдун ырлар жыйнагы айдоочуларга таратылды


Ош шаарында Токтогул Сатылгановдун 150 жылдыгына карата атайын чыгарылган ырларынын жана күүлөрүнүн жыйнагы коомчулукка таратылды.

Токтогул Сатылгановдун ыр-күүлөрү жазылган 500дөн ашуун дисктер шаардагы айдоочуларга, окуу жай жана мектептерге бекер таратылды. Буга шаар казынасынан 45 миң сом каралган. Бул тууралуу Ош шаардык жаштар комитетинин төрагасы Камчы Досматов кабарлады.

Бул иш чаралар Токтогул Сатылгановдун 150 жылдыгына карата уюштурулган. Буга чейин дагы Ошто акындын 150 жылдыгына карата сүрөт көргөзмө, жаштар арасында ыр-күүлөр сынагы уюштурулган. Оштогу Токтогул сейил багынын бир жарым чакырым жолуна жарык берилген. (YI)

XS
SM
MD
LG