Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:10

Санкт-Петербургда Болот Миңжылкиевдин айкели орнотулат


СССРдин эл артисти, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Болот Миңжылкиевдин айкели Санкт-Петербург шаарындагы Мариинск театрынын алдында орнотулмакчы. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан кабарлашты. Парламенттин Билим берүү, илим, маданият жана спорт боюнча комитетинин 30-декабрдагы жыйынында аталган демилге талкууланып жактырылды.

2015-жылы маркум Болот Миңжылкиевдин 75 жылдыгы белгиленет. Ал 1940-жылы 24-апрелде Фрунзе шаарында туулган. СССР Жогорку Советинде жана Кыргыз ССР Жогорку Советине депутат болуп шайланган. Казакстандын эл аралык “Алтын көпүрө” сыйлыгынын лауреаты. Миңжылкиевдин ысымы Бишкектин бир көчөсүнө берилген. (TSh)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG