Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:40

2014-жылы аскерде 12 жоокер каза тапты


Аскер прокуратурасы тараткан маалыматка ылайык, бир жыл ичинде 12 аскер кызматкери каза болсо, анын ичинен жетөө өз жанын кыйган.

Ошондой эле эки жоокер күтүүсүз кырсыктан, дагы экөө курал колдонуунун эрежесин билбегендиктен, бирөө оорудан каза болгон. Бул кырсыктардын ону кызмат учурунда, экөө башка убакта орун алган.

Төрт кылмыш ишинин экөө сотко өтүп, экөө тергелип жатат. Ал эми сегиз кылмыш иши кыскарган. (TSh)

XS
SM
MD
LG