Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:47

Милиция: "Таатан" соода борборунун жанындагы көңүл ачуучу жайлар текшерилүүдө


Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Олжобай Казабаев “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, "Таатан" соода борборунун жанындагы караоке клубдарда сойкуканалар бар деген маалымат учурда текшерилип жатат.

Кечээ, 29-декабрда "Кыргыз чоролору" коомдук уюму социалдык тармактарга "Таатан" соода борборунун жанындагы клубду текшерүүгө алган видеосун жарыя кылган. Алар текшерүү учурунда сойкулук менен алектенген 22 кыз жана 20дан ашык көңүл ачуу үчүн келген кытай жарандары кармалганын билдирген.

Кийин милиция алардын аракетин мыйзамсыз деп, "Кыргыз чоролорунун" үч мүчөсүнө кылмыш иши козголгон. (TSh)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG